"Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы бир айга камакка алынды

Ош шаарында "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы бир айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айынан бери тергөө кызматына "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына карата алдамчылык жана мыйзамсыз ыйгарып алуу, акча каражатын ысырап кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө республиканын ар кайсы аймактарынын жашоочуларынан "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына чара көрүү өтүнүчү менен көптөгөн арыздар түшкөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 18 миллион 188 миң 260 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан