Ысык-Көлдө экстремисттик жана террордук көрүнүштөрдүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо, экстремисттик жана террордук көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 16-июль күнү Ысык-Көл облусунун намазканаларынын биринде Чүй облусунан 8 окуучу 40 күндүк дааватка келишкенин аныкташкан.

Алар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунун 4.2. пунктунун талаптарына ылайык, өздөрү жашаган аймактардын ички иштер бөлүмдөрүнөн өздөрүнүн ишмердүүлүгүн тастыктаган аныктамаларын алышкан эмес.

"Бостери айылындагы үйдө жайгашкан каттоого алынбаган намазканада 12 адамдан турган жамаат 40 күндүк дааватка келишкендиги аныкталган. Андан сырткары диний экстремисттик уюмунун 28 мүчөсүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, ошондой эле 25 мечит жана намазканалар текшерилди.

Азыркы учурда Ысык-Көл облусунун аймагында республиканын башка аймактарынан келишкен 270 киши даават иштерин жүргүзүүдө. Алардын ичинен Ысык-Көл районунун аймагына 3 жамаат (28 киши) келишкен.
Ысык-Көл облусунун казыяты менен биргеликте аталган жарандарга алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына мечит жана медреселердин ичинде ар түрдүү диний экстремисттердин жана террорчулардын кылмыштуу аракеттерине жол бербөө, алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык мечит жана медреселерди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, дааватка чыгуунун жолдорун милдеттүү түрдө аткарылышы боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү боюнча каттар жөнөтүлдү", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан