Бул ирет SUPER.KG порталында конокто ырчы Гүлназ Чыныбек кызы болду. Ал өзүнүн жеке жашоосундагы, чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен бөлүштү.
"Буюрса, алгачкы жеке концертимди берүүнү күзгө пландап жатам. Азыр бассам-турсам оюмдун баары концерт болуп жатат. Негизи кесиптештеримдин концертинен калбай барганга аракет кылып жатам. Ар биринин өзгөчөлүктөрүн алып, боюма сиңирип жаткан чагым. Дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылардай концерт бере албасам да аларга окшоштурганга аракет кылам. Концерттен кийин жакшы жаңылык менен бөлүшөм, ал азырынча сыр болуп турсун", - деди ырчы айым. Видеону толугу менен ютуб каналдан көрүңүздөр.