Бишкек тургунунун акчасын тоноп алган милиция кызматкери кармалды

Бишкек тургунунун акчасын тоноп алган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 2-декабрь күнү Бишкек ШИИББине борбордун 21 жаштагы тургуну Р.Г. арыз менен кайрылган. Ал өзүн 2-декабрь күнү болжол менен саат 21:10 чамасында милициянын белгисиз кызматкери “уруксат берилбеген жерде тамеки чегип жатасың" деп 500 сомун алып койгондугун айткан. 
Бул кылмыш иши боюнча ошол замат алгылыктуу иш-аракеттер көрүлүп, Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан 36 жаштагы милициянын прапорщиги Д.Б. кармалган. Сурактын жүрүшүндө кармалган адамдын ички иштер органдарында кызмат кылууга 2001-жылы келгени маалым болгон. 2009-жылдан тарта райондук ички иштер башкармалыгынын биринде айдоочу-милиция катары  иштеп келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
shiko
2013-12-03 15:15:56
мында аты жонун жазбай,баш тамгалары эле.Ал эми Ташиевдин баласын толук аты жонун бащкаларына чейин тергоо бутпой жатып жазгансынар,кандай тушунсо болот
0
nurel50
2013-12-03 17:02:39
shiko, Ташиев оппазицияда ошон учун, азыр ким бийликте болсо ошонун заманы
0
Ernestik
2013-12-03 15:32:42
Уят эле. Тартип сакчысы ушинтип жатса,кылмышкерлер кайда барат?
0
simple_boy
2013-12-03 18:11:22
ээ уят уят эми
0
Boldukan86
2013-12-03 18:18:37
ошо мага да жакпады Р.Г Т.У деп эле жаза беришет. ырас чыгарып жатасынарбы анык эле жазгыла. уят болсун шерменде болсун аты чыксын уялсын. кылмыш кылгандан уялбайт атын жашырганынар эмнеси. сазайын бериш керек кандай кылмыш кылсада.кудай беле алар
0
Mirbek.83
2013-12-03 19:40:15
Туура айтасынар Ташиевтин баласын теледен саат сайын коргоздунорго эмнеге милиция кызматкеринин толук атын жазбайсынар.
0
Ernestik
2013-12-04 18:19:01
Баардыгы бийлике коз каранды да. Телевидение,радио,газета журналдардын баары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан