Бишкектеги "Вефа" соода борборунда чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришет.
Билдирүүгө ылайык, өрт аба желдеткичтеринен улам чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
"Такталган маалымат боюнча, өрт саат 14:13тө чектөөгө алынып, болжол менен 20 чарчы метр аянт күйүүдө. Соода борборундагылар ӨКМ кызматкерлери тарабынан коопсуз жайга чыгарылды. Өрттү өчүрүүгө саат 13:20да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган", - деп жазылат билдирүүдө.
Кошумча маалымат берилери айтылат.