Ысык-Көл облусундагы "Аалам-Ордо" комплексинин пляжында көлгө түшүп жаткан 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июль күнү саат 20:40 чамасында болгон. Барскоон айылынын 2006-жылы туулган Б.Р. жана 2000-жылы туулган О.А. аттуу тургундары көлгө түшүп жатып чөгүп кетишкен.
Милиция жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Тоң райондук өлүкканасына тапшырган.