Акысыз IT жана программалоо курстары: Beeline катышуучуларды сыйлады жана стажировкага чакырды

2021-жылдын августунда Beeline компаниясы Digital Academy менен бүгүнкү күндө актуалдуу болгон UX/UI дизайн, Front-end жана Back-end адистиктери боюнча акысыз окутуу курстарына топтомду ачкан. 17 жаштан улуу катышуучулар акысыз билим алуу жана эмгек рыногунда талап кылынган жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Курста окуу үчүн 1600дөн ашык каалоочулар өтүнмө беришкен, 350дөн ашыгы «Компьютердик сабаттуулук» жана «Программалоонун негиздери» курстарын окушту, жыйынтыгында алардын ичинен 60 окуучу IT негизги багыттары боюнча акысыз окутуудан өтүштү. Компаниянын шарттары боюнча бардык багыттарда мыкты окуучулар Beeline атынан белекке ноутбук алышты.

Front-end жана Back-end багыттары боюнча курстар июнда аяктады. 7-июлда Beeline коворкинг-борборунда бул багыттын бүтүрүүчүлөрү окутуу учурунда алган бардык билимин жумшап, өз долбоорлорун жакташты. Алар ар кандай интернет-аянтчаларды: маалымат сайттарын, онлай-жазылуу үчүн сайтты түзүшкөн.

Бардык катышуучулар компаниядан брендделген белектерди алышты, ал эми мыкты окуучулар ноутбук алышты. Алардын катарында Back-end окуучусу Ош шаарынан келген Анара Эркебаева жана Front-end курсунун окуучусу Бишкектен Санжар Касмамытов болду.

Ошондой эле Beeline кызматкерлеринен турган калыстар беш катышуучуну тандап, аларга көбүрөөк тажрыйба алуу үчүн, компанияда стажировкадан өтүп, өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн беришкен.

Мурда UX-UI дизайнга окутуу курсу эки айга созулган жана 2021-жылдын декабрында аяктаган. Мыкты окуучу деп Ош шаарынын тургуну, программист Кубаныч Абдираимов табылган. UX-UI дизайн курсун ийгиликтүү аяктап, Кубаныч жергиликтүү футбол командасынын сайтынын жана мобилдик тиркемесинин дизайнын иштеп чыккан. Ийгиликтүү экзамендик иши үчүн жаш жигитке компаниянын атынан ноутбук тапшырылган.

Beeline курстары балдарга акысыз окуу гана эмес, стажировкадан өтүү, андан ары талап кылынган ишти алуу, бул иштин кесипкөйлөрү менен таанышуу, тажрыйба алмашуу, маалыматтык технологияларда көбүрөөк таанып билүү жана мыкты аянтчаларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Мындай социалдык-билим берүү долборлорунун аркасында Beeline өлкөнү жана коомду өнүктүрүүгө инвестиция жумшайт, бүгүнкү күндө биздин өлкөбүз муктаж болгон жогорку квалификациялуу адистерди калыптандырат жана даярдайт.

Beeline социалдык жоопкерчиликтүү компания катары туруктуу негизде инновациялык ишти өнүктүрүү, ошондой эле билимдүү, перспективдүү жана атаандашууга жөндөмдүү жаштарды өстүрүү максатында ар кандай – билим берүү, санариптик, чыгармачылык долбоорлорду колдойт жана инвестиция салат.

Beeline – Сиз жана Сиздин жакындарыңыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан