Бишкекте телефон уурдоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБи тарабынан белгилүү болду.

Жазылган маалыматка ылайык, милицияга Т.М. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 22-июнда саат 18:00дө Бишкек шаарынын Путейская көчөсүнөн арыз ээси жашы жете элек кызынын велосипединин бардачогунда 20 миң сомдук Самсунг С9+ үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кетишкен белгисиз жарандарга чара көрүнүү өтүнгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене "уурулук" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 15-июлда 1983-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан