Бүгүн, 19-июлда Ысык-Көлдөгү«Каприз» эс алуу борборунда мушташ орун алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери окуя Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургундарынын, тагыраагы туугандардын ортосунда болгонун аныкташкан. Анда туугандардын ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал мушташууга айланган.
Эс алуу жайынын администрациясы милиция чакырып, алар келгенге чейин эс алуу борбордун күзөтчүсү чырды жөнгө салган. Окуянын катышуучуларын суракка алууда алар арыз жазуудан баш тартышкан.
Бул факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган.
Социалдык тармакта аталга мушташтын видеосу тараган.