Бишкекте жөө адамды сүзүп, ооруканага жеткирип андан ары качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришет.
Маалым болгондой, 14-июлда саат 14:10 чамасында белгисиз айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен Жибек-Жолу кең көчөсүнүн кесилишинен унааны артка айдап жатып, 1969-жылы туулган А.Н. аттуу аялды сүзүп, кийин ооруканага жеткирген. Андан кийин айдоочу качып кеткен.
Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Деу-Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын 1970-жылы туулган Т.З. аттуу айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИББинин Жол кырсыктарын тергөө боюнча тергөө кызматына өткөрүп беришкен.