Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү, иш менен камсыз кылуу максатында жобо бекитилди

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Чечим 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган:

- калктын аз камсыз болгон катмарын коомдук жумуштарга тартуу жана айыл чарба жана өндүрүштүн башка түрлөрү үчүн квалификацияны, билимди жана технологияларды окутууга жана өркүндөтүүгө жетүү түрүндөгү социалдык колдоо чараларын стимулдаштыруу практикасын кеңейтүү;

- эмгек потенциалы бар мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулар менен социалдык контракт системасын киргизүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашылган иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чаралардын комплекси жакырчылыкты кыскартууга кыйла натыйжалуу таасир этүүгө мүмкүндүк берет.

Социалдык контракттын негизинде социалдык кызмат көрсөтүү жобосу социалдык контракттын негизинде жардамды алууну каалаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык көмөк көрсөтүүнүн механизмин жана шарттарын аныктайт.

Белгилей кетсек, социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан