ЭЛДИК КАБАР: Тургун Аксыдагы паспорт столдо 2 күндөн бери кезек жетпей жатканын айтты

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы паспорт столдо дайыма кезек күтүп, жергиликтүү калк убаракерчилик тартууда. Мындай маалыматты окурман порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"Аксы районунун паспорт стол бөлүмү дайыма кезек күтмөй. Бир адам иштейт. Эл 4-5 сааттан күтүп калат. Балалуулар, кош бойлуулар бар. Бүтпөсө кийинки күнү кел дейт. Кайра эле ушул көрүнүш. 2 күндөн бери кезек жетпей жатат. Бийлик ушундай жерлерди кичине карап, элди тейлеген жерлерди оңдосо. Санын көбөйтүп, шарт түзүп. Кызматкер өтө кеч тейлейт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан