Бүгүн, 20-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 13 жашар секелек кыздын зордукталышы боюнча иштин алкагында алгачкы соттук отурум болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов билдирди.
Бул иш боюнча Свердлов райондук сотундагы териштирүү да уланууда. Соттук отурумдар жабык өтүүдө. Жактоочу Тимур Султанов ишти эки башка орган тергеп жаткандыгын, мындан улам эки жакта отурум болорун айтты.
Эске салсак, буга чейин 13 жашар кыздын зордуктоого кабылгандыгы белгилүү болгон. Кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.