Бишкекте велосипед уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 5-май күнү Н.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 4-май күнү саат 23:00 чамасында Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинен 17 миң сомдук велосипедин уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Мындан тышкары шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка 4 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (704) 95-95-95, 0 (509) 26-26-69, 0 (701) 00-26-88 жана 102 .