"Аюу кол салган". Ош облусунда чек ара кызматкери каза тапты

Кечээ, 19-июль күнү УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерине аюу кол салган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Түштүк-Бөкбашы тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтаруу милдетин аткарып жаткан 1992-жылы туулган К.А. аттуу аскер кызматкерине аюу капысынан кол салган. Анын кесепетинен аскер кызматкери оор жарадар болгон. Көрсөтүлгөн биринчи жардамга карабастан сержант К.А. алган жараатынан улам каза болгон.

Окуя болгон жерде УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы, Аскердик прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү окуя болгон жерде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан