5 килограммдан ашуун гашиш баңгизаты менен Ош облусунун эки тургуну кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 5 килограммдан ашуун гашишти сатуу учурунда баңгизат курьерлери кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Э. аттуу жаран Ош шаарында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча 282-беренеси (сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунда 1985-жылы туулган М.А. жана 1991-жылы туулган Д.С. аттуу жарандар баңгизат сатууга аракеттенип жаткан жеринен кармалышкан. М.А. аттуу жаранга таандык ДЭУ-Матиз үлгүсүндөгү унаанын салонунан гашиш баңгизат каражатына окшош өзгөчө жытка ээ зат табылган.

Ал эми Д.С. аттуу жаранга таандык Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүү учурунда жалпы салмагы 5 килограмм 859 граммды түзгөн, Ооганстанда өндүрүлгөн гашиш баңгизаты табылган.

Кармалган жарандар Кара-Суу райондук убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан