Талас дарыясынан бир туугандардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, Манас районуна караштуу Покровка айылынын тургундары, 18 жаштагы У.Э. эркек бала жана У.К. 16 жаштагы кыз, бир туугандар 19-июль күнү дайынсыз жоголгондугу тууралуу "102" кызматына түшкөн.
"Кечээ ИИБ кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми бүгүн жерине Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, ИИБнин кызматкерлери менен биргеликте издөөгө чыгышкан.
Натыйжада Талас дарыясынан аталган бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Андан бир жарым саат өткөндөн кийин ӨКБнын адистери суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.