Красноярскта 13 жаштагы баланы өлтүрүп, батирин өрттөп салган кыргызстандык жаранга сот өкүм чыгарды.
Орусия Федерациясынын Тергөө
комитетинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2013-жылы 13-октябрда Ленин
районундагы батирлердин биринде чыккан өрттүн негизинде иликтөө жүргөн.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин бычактан
жаракат алган, денеси отко күйгөн баланын сөөгү табылган. Аз убакыттын
ичинде каза болгон баланын үй-бүлөсү менен достошкон 24 жаштагы Кыргызстандын
жараны кылмышка шектелип кармалган. Ал баланын эжеси менен жакын мамиледе болуп, тойго даярданып жатышкан.
Ал өспүрүм балага бир нече жолу бычак сайып,
андан кийин батирден тойго деген 1800 доллар жана 142 000 рубль акчаны
уурдап чыгып кеткен. Акча ага карыз төлөөгө керек болгон. Кылмыштын изин жабуу
үчүн батирди күйгүзүп салган.
Сот кылмышкерди бардык айыптар боюнча күнөөлүү
деп таап, 19 жыл 6 айга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимдеги абакка буюрду.
Мындан сырткары материалдык чыгым келтиргени үчүн 349 086 рубль жана моралдык
жактан зыян алып келгени үчүн 500 000 рубль айып төлөө чечимин чыгарды.