Лейлек районундагы тоолордун бириндеги мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, 18-июлда Баткен ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде 37 жаштагы чет өлкөнүн жараны Н.А. кармалган.
Маалыматка ылайык, ал Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, ушул жылдын 2-июнунан бери Лейлек районунун 64 жаштагы тургуну Б.И.нин мал сарайында иштеп, жашап жүргөндүгү аныкталды.
Бул факты Баткен ОИИБинде Кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.