Бишкекте алдоо жолу менен жарандын уюлдук телефонун алып, из жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июль күнү Б.М. аттуу шаар тургуну Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 11-июлда түнкү саат 03:00 чамасында калаадагы компьютердик клубдардын биринен белгисиз жаран iPhone 13 үлгүсүндөгү 84 миң сомдук телефонун “сүйлөшкөн кызыма билдирүү жазып алайынчы” деген өтүнүч менен алган бойдон изин суутуп кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалды.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.