"Унаамды коюп кеткен жаран жасатып бербей, "Президенттик аппаратта иштейм, колуңдан келгенин кылып ал деп жатат". Мындай билдирүү менен SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын тургуну Темирлан Мирбек уулу кайрылды.
Анын айтымында, ушул жылдын 12-июлунда саат 8:50 чамасында борбор калаанын Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактан өтүп бара жатканда Тoyota Сamry үлгүсүндөгү автоунаа капталынан келип сүзгөн. Ал унаанын айдоочусу 1993-жылы туулган Элдан Тагайбеков аттуу жаран экендигин билдирди.
"Жол чыракта жашыл жарык күйүп турган. Унаалар өтүп жатышкан. Мен да унаамды айдап баратсам эле капыстан келип сүзүп кетти. Өзүм такси кызматында иштейм. Кардарым жаракат алып, "Тез жардам" менен ооруканага кеткен. Кайгуул кызматкерлери келип, унааларды айып короого алып кетишти. Биз дагы чогуу барып, түшүнүк кат жазып бергенбиз. Унаамды сүзгөн жаран алгач кечирим сурап, келтирилген материалдык чыгымды төлөп берерин айтып жаткан. Бир аздан кийин эле башкача сүйлөп калды", - дейт ал.
Кырсык болгон учур видеокөзөмөлгө тартылып калган. Темирлан Мирбек уулу экспертиза Тагайбековду күнөөлүү деп табышы керектигин айтат. Ал ишти караган тиешелүү кызматкерлер менен Элдан Тагайбеков жең ичинен сүйлөшүп алганбы деп күмөн санап жатканын жашырган жок.
"Үй-бүлөмдү такси кызматында иштеп бакчумун. Сүзгөн адам президенттик аппартта иштей турганын айтып, "Билгениңди кылып ал" деп койду. Эмне кыларымды билбей калдым. Аргам түгөнгөндө силерге кайрылып жатам", - деп билдирди Темирлан Мирбек уулу.
Биз бул боюнча аталган жаран президенттик аппаратта иштейби же жокпу тактоо максатында, мекеменин маалымат кызматына кайрылып, жооп ала албадык. Ал эми Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматына жогорудагы кырсык боюнча маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда, маалыматты тактап беришерин айткан боюнча жооп берген жок. SUPER.KG порталы бул темага дагы кайрылат.