Ысык-Көлдө президент Садыр Жапаров, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жолугушту. Бул тууралуу президенттин телеграм каналында жарыяланды.
Билдирүүгө ылайык, өлкө башчылардын кемеде сейилдөөсү орун алды.
Белгилесек, 20-июль жана 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.