Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда киши өлтүрүүгө шектелип Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июль күнү Жети-Өгүз РИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда болжол менен саат 22:20 чамасында көкүрөк тушка бычак менен сайылган 32 жаштагы Аң-Өстөн айылынын тургуну ооруканага түшкөндүгү маалымдалган. Жабыркаган жаран эсине келбей ооруканадан каза болгон.
Бул маалымат райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жиберилген. Күбөлөрдүн милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөлөрү боюнча, бычакталган жаранды айылдын ичинен таап дароо ооруканага алып барышкан. Ошондой эле аны акыркы жолу жээни менен көрүшкөнүн, ал киши кызуу абалында жабырлануучу менен бир нерсе жөнүндө талашып жаткандыгын кошумчалашкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 45 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Т.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Алгачкы сурак жүргүзүү учурунда, ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Кылмышка далил зат катары ашкана бычагы алынды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Жети-Өгүз РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.