Таластын тургуну диний-экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты

Талас облусунун тургуну “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Б.Д.Ж. аттуу тургуну тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартты.

"Ал өзүнүн билдирүүсүндө медициналык мекемелердин кызматынан (эмдөөдөн) баш тартууга, бийликтин жана расмий дин кызматкерлеринин административдик документтерин тааныбоого чакырып, ошондой эле башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн сынга алган.

Учурда “Йакын Инкар” жана башка диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан