Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, өткөн дем
алышта Сокулукта тоноочулардын колунан аялы жаракат алып, күйөөсү каза тапкан.
Буга
чейин мал уурулук менен соттолгон 46 жаштагы жаран тууганы менен бирөөнүн үйүнө
уурулукка киришкен. Каршылык көрсөткөн үй-бүлө башчысын бир нече жолу
арматура менен урушкан. Алган жаракатынан 48 жаштагы киши окуя болгон жерде
каза тапкан. Кийин анын аялын сабап, зер буюмдарын берүүнү талап кылышкан. Аял эс-учун жоготкондо 100 миң сомду алып чыгып кетишкен.
Аталган фактыны тергөө үчүн иликтөөчү топ түзүлүп, кылмышкерлер кармалды.