Бала бакчага документ жасап берем деген. Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде Аламүдүн РИИБине 1997-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен ишенимине кирип, алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, кайтарып бербей жүргөн жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмышка шектүү делинип 1983-жылы туулган Э.Г. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция жогорудагы адамдан жапа чеккен жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат: 0312 36 35 27, 0312 36 35 23.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан