Баткенде 1 миллион сомдук аткезчилик жүккө бөгөт коюлду

Баткенде 1 миллион сомдук кеңсе товарлардын контрабандасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Төрт-Гүл" мобилдик постунда контрабанда жана бажы эрежелерин бузуу фактыларына бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн.

Анда Кыргыз жараны Н.Б.Н.нын башкаруусундагы Mersedes Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынганы маалымдалат.

"Бажылык текшерүү учурунда унаанын жүк бөлүгүнөн Беларусь өлкөсүндө өндүрүлгөн жазуусу менен 150 миң даана мектеп дептерлери табылган. Товардын жалпы салмагы 4 миң 100 килограмм, ал эми анын орточо базар баасы 1 миллион 50 миң сомду түзгөн. Жүк өлкөнүн ЕАЭБ бажы аймагында андан ары сатуу үчүн бажыга байланыштуу ташуу документтери жок болгон", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча чогулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына мыйзамдарга ылайык, андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилгени айтылат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан