Сокулук райондук салык кызматынын өкүлү 10 миң сом пара менен кармалды

Чүйдүн Сокулук райондук салык кызматынын өкүлү Б.Ж. 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 3-декабрда билдирди.  Салык кызматкери жеке ишкерден маселесин чечип берүү үчүн аталган сумманы талап кылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран пара талап кылды, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бишкек шаардык сотунун чечими менен ал 2 айга убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан