Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында 4 дача катары менен өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришет.
Билдирүүгө ылайык, Беш-Күнгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан №116, 117, 118, 129 дачалардан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Аталган айылдагы 4 турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйгөн.
Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө андан үйлөргө өткөн.