Күйөөсү көчө боюнда жерге жаткырып алып ур-тепкиге алган делген аял милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББден билдиришти.
Буга чейин социалдык тармакта түн ичинде эркек киши жол жээкте жаткан аялды сөгүп, сабачудай болуп жулунуп жаткан кыска видео тараган. Аны бөлүшкөндөр Чүй облусунун Сокулук айылында белгисиз жаран жубайына зомбулук көрсөтүп жатканын жазышкан эле.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, аталган видеонун алкагында жүргүзгөн териштирүү иштеринин натыйжасында видеодогу жарандардын аты-жөнү такталган. Анда 1979-жылы туулган К.И. аттуу жаран суралып, ал Сокулук айылында үй-бүлөсү менен чогуу жашай турганын билдирген.
"Окуя 2022-жылдан 19-июлунда болгон. Жубайлар ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыккан жана ага таарынган аялы көчөгө чыгып кеткендиктен анын артынан эшикке чыгып колунан жетелеп келе жаткан учурда ал чалынып кетип жерге кулап түшкөнүн билдирген. Ошондой эле Ы.А. аттуу аял жогорудагы маалыматтарды тастыктап, жолдошу эч кандай зомбулук кылбаганын айтып, арыз жазуудан баш тарткан", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Акыркы убакта өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар байма-бай катталып келет. Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.