Чоң-Алайда жер титиреди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда очогунда күчү 2 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-июль күнү саат 17:23тө Тажикстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан