Бүгүн, 22-июлга карата республиканын аймагында 31 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө 33 бөлүм тартылган.
Өрт кырсыгы катталган аймактар:
Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 17, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болгон (2 эшик ачуу, 1 издөө иши, 4 суу кырсыгы, 1 шахтанын газ чыккан жерине тосмо орнотуу).