Актёр Нуржаасын Жумагуловдун бөйрөгүнө операция ийгиликтүү жасалды

Актёр Нуржаасын Жумагуловдун бөйрөгүнө жасалган операция ийгиликтүү болду. Бул тууралуу актёр өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Буюрса, баары жакшы, операция жеңил болду. Бардыгыңыздарга рахмат", - деп жазды ал.

Актёрго операция кечээ, 21-июлда жасалган.

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргыз драма театрында актёрго колдоо көрсөткөн кайрымдуулук концерти өткөн. Актёрго апасы же бөлөсү донор болору белгилүү болгон.

17-июлда бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Түркия өлкөсүнө учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан