70 тонна 118 килограмм кара куурай өрттөлүп, жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу үчүн 2 023 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2 069 гектар жер изилденген. Анын ичинде 86 гектарда өскөн 70 тонна 118 килограмм кара куурай орулуп, өрттөлгөн.
“Ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан баңгизатка байланышкан жети кылмыш аныкталган. Анда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 14 килограмм 503 грамм баңгизат жана психотроптук заттар алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө ар жылы ушул маалда кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында "Кара куурай" жана "Канал-Невский щит" операцияларынын алкагында иш-чаралар өткөрүлөт.