21-июлда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде актёр, вайнер Улан Эсенакуновдун заманбап үйлөнүү тою өттү. Тойго 300 киши конок катары чакырылган.
Буга чейин актёр сүйүктүүсү менен 5 айдан бери тааныш болуп жүрүп, 3 айдын ичинде үйлөнүү чечимин кабыл алганын айткан.
Айта кетсек, Улан Эсенакунов "Жер тоголок", "Чала спортик", "Доске", "Тиги-Бу" жана башка бир катар кыргыз тасмаларында роль жараткан.
Тойдон даярдалган кызыктуу репортажды SUPER.KG ютуб каналынан көрө аласыздар.