Бишкекте Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды

Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте эл аралык террордук уюмду каржылоо үчүн ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик акча каражаттарын сатып жаткан жашыруун кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

21-июль күнү 3 миң 800 доллар өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г кармалганы маалымдалат.

"Убактылуу жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда 17 миң 400 доллар өлчөмүндөгү жасалма акча каражаты табылган.

Азыркы учурда М.Ш.Г УКМКнын тергөө камак жайына жайгаштырылып, бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан