Ысык-Көл облусунун Бостери айылында көл жээгиндеги кафеде жаңжал чыгарган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 21-июль күнү милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Бостери айылында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде кафе иштетерин билдирген. Болжол менен эртең мененки саат 05:30 чамаларында анын кафесине үч жаран келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутушуп, андан кийин ар кандай ичимдиктерди ичишип, бардык буюмдарын жана идиш-аяктарын сындырып кетишкендиги үчүн чара көрүп берүүнү арызында көрсөткөн.
Бул факты каттоого алынып, жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, кылмышка шектүү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы А.Т., 27 жаштагы Ж.Р. жана 21 жаштагы А.К. кармалган.
Соттун чечими менен шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.