Бишкек шаарындагы 8-кичи районунда жайгашкан "Шаурма на мангале" тез тамактануучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылды. Тилсиз жоо саат 16:54тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар катталган жок.
Кошумча маалымат берилет.