Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Ленин РИИБинен маалымдашты.

Милицияга 24-майда К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал У. аттуу чала таанышы 13-майда саат 21:30 чамасында Ч.Айтматов көчөсүнө жакын ээн жерге унаасын токтотуп, күч колдонуп, арыз ээсинин жашы жете элек кызына карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаганын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси "зордуктоо" негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары 1985-жылы туулган Ш.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ленин райондук соту шектүүгө карата 2 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү, ар тараптуу изилдөөгө багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан