Биз социалдык тармакта

Сузакта жол кырсыгы катталып, 24 жаштагы айдоочу көз жумду

Сузак районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 21-июль күнү саат 10:15 чамасында Ош-Бишкек жолунун 572-чакырымында жолдун оң тарабында токтоп турган Дэу-Нексия автоунаасын жолдун сол тарабына айдап жиберген учурда өзүнүн жолунда келе жаткан Мерседес-Бенц 311 унаасы сүзүп жол кырсыгына учураган.

Натыйжада Мерседес-Бенц 311 унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү 1973-жылы туулган К.Н. райондук ооруканадан жардам алышкан. Ал эми Дэу-Нексия автоунаасынын айдоочусу 1998-жылы туулган Ш.А. алган жаракаттарынан улам Сузак районунун ооруканасында көз жумган. Ошондой эле Дэу-Нексия унаасынын жүргүнчүлөрү 1979-жылы туулган А.З, 2019-жылы туулган И.М.. райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Сузак РИИБне катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө. Мерседес-Бенц 311 унаасы Ош ОИИБне таандык болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан