Токмок шаарында катылган ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21-июлда Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан имаратта мыйзамсыз курал сакталгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Алынган маалыматтын негизинде аталган жай текшерүүгө алынып, жардыруучу түзүлүштөгү заттар жана ок дарылар табылган.
Анда 4 даана РГД-5 үлгүсүндөгү граната, 2 даана Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана 7.62 калибириндеги 40 даана ок табылып алынган.
Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы курал-жарактарды мыйзамсыз сактап, жашырган адам аныкталып, 1971-жылы туулган У.У. аттуу жаран кармалган. Бул жаран көрсөтүлгөн куралдардан башка дагы Токмок шаарындагы жайгашкан автоунаа оңдоочу жайлардын бирине курал каткандыгын билдирип, өз ыктыяры менен ал имараттын ичинде катылган “Калашников” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын тетиктерин милиция кызматкерлерине тапшырып берген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө У.У. аттуу жарандан алынган жана өз ыктыяры менен берилген курал жарактарды, үйүнүн жанындагы арыктан таап алып катып койгондугун билдирген.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш иши козголуп, 1971-жылы туулган У.У. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.