Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Найман суу сактагычына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда Ноокат районундагы Кайрагач айылында 1994-жылы туулган К.Э. аттуу жаран Найман суу сактагычына чөгүп кеткен.
Издөө иштерине бүгүн, 23-июль күнү 12 куткаруучу тартылып, саат 11:05те ал жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.