Нарын дарыясынан изделип жаткан 19 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Нарын дарыясынан изделип жаткан 19 жаштагы жарандын жансыз денеси бүгүн саат 10:30да Кочкор-Сарай тилкесиндеги аралдан туугандары тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 12:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана туугандары тарабынан баланын сөөгү аралдан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, окуя 22-июль күнү орун алып, анда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылындагы Мыкачы тилкесинде 2003-жылы туулган Ф.А уулу Нарын дарыясына түшүп кеткен.
Жаранды издөө иши ошол күнү эле башталып, бүгүн жерине Ак-Талаа райондук №47 ӨКБдан 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан