
Ош облусунда 22-июлдан бери изделип жаткан 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 14, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 7 жалпы 21 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө ишине чыгышкан.
Натыйжада баланын сөөгү 23-июль күнү саат 20:23тө куткаруучулар тарабынан табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.