Бишкекте белгисиз жаран көчөдө кетип бара жаткан аялдын моюнундагы алтын чынжырчасын уурдай качты.
Окуя кечээ, 23-июль күнү саат 14:53 чамасында Бишкек шаарындагы Бакай-Ата жаңы коңушунда болгон. Уурдоо фактысы видеобайкоого жазылып калган. Анда шектүү апанын алтын чынжырчасын жула качканын көрүүгө болот.
Учурда милиция издөө иштерин жүргүзүүдө.