Тамашоучу Самат Эркинбеков эл аралык тасмада башкы каармандын ролун ойноодо

Тамашоучу Самат Эркинбеков менен режиссёр Эрнист Абдыжапаров Орусияда"Здравствуй, папа" аттуу толук метраждуу тасмасын тартууда. Бул тууралуу аталган тасманын продюссери Адиль Урдинов билдирди.

Маалыматка ылайык, тасмага Армениянын,Тажикстандын, Казакстандын, Орусиянын актёрлору тартылууда. Тасмада Виктория Тарасова, театр жана кино жылдызы Юрий Оборотов, актриса Алиса Рыжкина да роль жаратууда.

Белгилей кетсек, башкы каармандын ролун Самат Эркинбеков аткарууда.

Комедия жанрындагы тасма ушул жылдын ноябрь айында экранга чыгуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан