Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Польшада өтүп жаткан Poland Open эл аралык турниринде коло байге утту.
Жарым финалда Акжол Махмудов венгриялык Золтан Леваиге 6:0 эсебинде утулуп калды. Коло байге үчүн беттеште Махмудов ирандык дагы бир күчтүү делген балбан Мухаммадали Гераеи менен кез келмек. Бирок белгисиз себептен улам ирандык балбан килем үстүнө чыккан жок.
Муну менен Акжол Махмудов Poland Open эл аралык турниринде коло байгеге ээ болду.
Ошондой эле 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов күмүш байге утса, 130 килограмм салмакта Роман Ким коло байгеге ээ болду.