"Апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн". Чычкан суусуна агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды

Жалал-Абадда сууга агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунун Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен.
Сууга агып кеткен 10 жаштагы А.Б. аттуу бала Камбар-Ата кичи шаарчасынын тургуну.
Издөө куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №97 ӨККБдан жалпысынан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан