
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 14 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июлда Чүй облусуна караштуу Шамшы айылынын А.Ч. аттуу 14 жаштагы тургуну Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле күндөн тартып издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ал эми кечээ, 24-июлда Токмок шаардык №21, 24 Өрткө каршы бөлүктөрдөн 8 куткаруучу сууга чөккөн өспүрүмдү издөөгө чыгышкан.
Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.