Бишкекте алдамчылыкка шектелип 64 жаштагы аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, 64 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-июнунда милицияга Ж.Г. аттуу жаран кайрылып, М.У. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Арыздануучу ал Анар-Бак жаңы конушунан жер тилкесин сатуу шылтоосу менен 8 миң доллар өлчөмүндөгү каражатын алып, из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин "алдамчылык" негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1958-жылы жылы туулган М.У. аттуу аял киши кармалган.

Ал СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Мындан тышкары, анын бир нече ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Жогорудагы жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0(502)44-11-12, 0(709)08-42-44 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан